• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте заманбап спорттун беш түрү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Бишкекте дүйнөнүн үч жолку чемпиону Юрий Хоришконун жаркын элесине арналган заманбап спорттун беш түрү боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттун беш түрү боюнча (сууда сүзүү, фехтование, чуркоо, ок атуу, ат үстүндө жарышуу) мелдеш 12-16-октябрь күндөрү өтүп, ага Индия, Пакистан, Монголия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан спортчулар катышат.

Мелдештин программасы:

12-октябрь жарым финалдык оюндар (эркектер жана кыз-келиндер)

9:00-10:00 сууда сүзүү (Жаштык бассейни);

12:00-15:00 фехтование (“Күлүк” спорт мектеби);

15:00-17:00 чуркоо, ок атуу (“Күлүк” спорт мектеби);

13-октябрь триатлон жарым финалдык беттештер (эркектер жана кыз-келиндер арасында);

9:00-10:00 сууда сүзүү (“Жаштык” бассейни);

12:00-15:00 фехтование (“Күлүк” спорт мектеби);

15:00-17:00 чуркоо, ок атуу (“Күлүк” спорт мектеби)

14-сентябрь финалдык беттештер

9:00-10:00 сууда сүзүү (“Дельфин” бассейни), (эркектер жана кыз-келиндер арасында)

13:00-14:00 фехтование (“Күлүк” спорт мектеби);

16:00-17:30 чуркоо, ок атуу (“Күлүк” спорт мектеби)

15-октябрь финал триатлон

9:00-10:00 сууда сүзүү (“Дельфин” бассейни) (эркектер жана кыз-келиндер арасында)

14:00-15:00 фехтование (“Күлүк” спорт мектеби)

16:00-17:30 чуркоо ок атуу (“Күлүк” спорт мектеби)

16-октябрь эстафета (“Күлүк спорт” мектеби, "Жаштык").

Пикир

Оставить комментарий