• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: 14-апрелге карата 317 миңден ашык салык төлөөчү декларация тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 15.04.24./Кабар/. 2023-жылдын 14-апрелине карата 317 миң 258 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын 287 миң 128и электрондук түрдө берген.

Салык кызматынан билдиришкендей, тапшыргандардын ичинен 49 миң 258 юридикалык жак, 82 миң 779 жеке ишкер, 123 миң 308 жеке жак, ошондой эле 61 миң 940 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы.

Эскерте кетсек, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктайт.

Аталган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр декларация тапшырышы керек:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу бар (короо-жай участкаларынан башка) жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий