• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарына асфальт-бетон заводу курулат

Аймак 0

Бишкек, 15.04.24./Кабар/. Нарын шаарынын четине асфальт-бетон заводу курулат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, завод шаардын тегеригиндеги жолдорго төшөлө турган асфальттарга байланыштуу курулмакчы.

Белгилей кетсек, буга чейин 2023-жылы Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчөгө асфальт төшөлөрү маалымдалган. Ошондой эле быйыл жалпы Нарын облусу боюнча 106 чакырым жолду асфальттоо каралган. Мындан тышкары, учурда Нарын аэропортунун жолдору курулууда.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкө боюнча 5 аэропорттун жолун салууга тапшырма берилген.

Пикир

Оставить комментарий