• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

14-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.02.18. /Кабар/. Эртең, 14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн,-деп билдирет Кыргызгидромет.

Маалыматка ылайык, күндүз Кыргызстандын бүт аймагында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5;

Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;

Баткен облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз -1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2, күндүз 2...4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий