• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орусияда Өзбекстанга туристтерди тарта турган элчи пайда болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0


Бишкек, 13.02.18. /Кабар/. Орусиялык туристтерди Өзбекстанга тартуу үчүн Орусияда белгилүү адамдардан турган коомдук элчи пайда болот. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, бул тууралуу Москвадагы брифингде Өзбекстандын Орусиядагы элчиси Бахром Ашрафзанов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өлкөнүн чет жактардагы туристтик брендин пропагандалоо үчүн кошумча чаралар жана аракеттер көрүлөт.

«Биз азыр орусиялыктардын арасында Өзбекстанга туристтик барууларды пропагандалай турган коомдук элчини издеп жатабыз. Ал саясатта же искусство дүйнөсүндө жүргөн коомдук же маданий ишмер болушу мүмкүн. Бул ишти жаңы гана баштап жатабыз, балким коомдук элчиликке кимдир-бирөө өзүн сунуштап калышы мүмкүн», – деди Ашрафханов.

Ал ошондой эле өлкөнүн туристтик дараметин жогорулатуу үчүн виза режимин жана журналисттер менен чыгармачыл топторду аккредитациялоо тартиптерин жеңилдетүү өңдүү бир катар аракеттер көрүлгөнүн кошумчалады.

«Өзбекстан 7 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизип, 39 өлкөнүн жарандары үчүн виза алуу тартиптерин жеңилдетти. Андан тышкары жакында визаны дүйнөнүн каалаган жеринде туруп эле электрондук негизде алууга мүмкүн болот. Өзбекстандын кооз жерлери жана салты тууралуу айтып бере турган чыгармачыл топтор үчүн аккредитация алуу тартиптери дагы жеңилдетилди», – деди элчи.

Бул тармакта Өзбекстан менен байланыштарды кеңейтүүнү каалаган журналисттер менен орусиялык туристтик компаниялардын өкүлдөрү үчүн дагы башка жеңилдиктер каралган. Алар үчүн «Өзбекстан аба жолдору» жыл сайын 200 бекер билет бөлүп турат.

2017-жылдагы маалыматка ылайык, былтыр Өзбекстанга 2,5 миллион чет өлкөлүк турист келген, бул 2016-жылдагы көрсөткүчтөн 24% көп.

Пикир

Оставить комментарий