• 88.68
  • 95
  • 0.95

14-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 14-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +35…+40, Талас облусунда +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36…+41, Ысык-Көл облусунда +27…+32, Нарын облусунда +30…+35 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +37…+39 градуска көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий