• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа көтөрүлбөйт – Энергохолдинг

Коом 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

Ал белгилегендей, 1-майдан тарта электр энергиясы үчүн тариф 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзгөн.

“23 тыйын – бул анча чоң эмес өсүш, анткени былтыр өлкөдө айлыктар менен пенсиялар көтөрүлгөн. Бул акча бюджетке 2,4 млрд сомго жакын киреше алып келет.

Бул каражатка тармактарды реконструкциялоо, өзүн-өзү изоляциялоочу зымдарга өтүү, трансформатордук көмөкчордондорду орнотуу пландалган”, - деди Улуттук энергохолдингдин башчысы.

Ал кошумчалагандай, электр энергиясынын тарифи жылына бир жолу гана өзгөрөт. "Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа мындан ары көтөрүлбөйт", - деди Байгазиев.

Пикир

Оставить комментарий