• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сузактагы 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Сузактагы 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде болжол менен саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында “Деу-Нексия” жана “Мерседес-Бенц” автоунаалары сүзүшүп, жол кырсыгына кабылган.

Натыйжада "Деу-Нексия" автоунаасынын үч жүргүнчүсү каза болуп, айдоочу ооруканага жаткырылган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Анын алкагында “Мерседес-Бенц” автоунаасынын айдоочусу Сузак районунун тургуну 1990-жылы туулган Э.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий