• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россияда 14 кыргызстандыктын каза болушу: Автобусту сүзгөн фуранын айдоочусу көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Россиянын Ульяновск облусунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда автобусту сүзгөн фуранын айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу облустук милиция билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан алдын ала маалыматка караганда, 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, үч киши медициналык мекемеге жаткырылды.

Россия ИИМнин башкармалыгынын маалыматына ылайык, фуранын айдоочусу унаасын токтото албай автобусту сүзгөн. Автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда калган.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий