• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа күйүүчү май ташыган вагондун астында калды – видео

Кырсык 0


Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу унаа күйүүчү май ташыган вагондун астында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Индустриальная көчөсүндө күйүүчү май ташыган 20 вагон-цистерна ички темир жол аркылуу “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын аймагына бара жаткан учурда “ХОВО” үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Кырсыктын кесепетинен бир вагон-цистерна жолдон чыгып кеткен. Ошондой эле оор жүк ташуучу унаанын багынан күйүүчү май аккандыгына байланыштуу жана өрт коопсуздугун сактоо максатында жерине бир өрт очүрүүчү бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий