• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Subaru Legacy унаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Subaru Legacy унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакта ылайык, күн мурун, 25-апрелде болжол менен саат 19:40тар чамасында Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Байтик Баатыр жана А. Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Текшерүү маалында 1996-жылы туулган Р.Т. аттуу айдоочу автоунаасына жасалма номер тагып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий