• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Марипов Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчысы өз сөзүндө белгилегендей, кыргыз эли оор жоготууга учурады.

«Биз заманыбыздын белгилүү залкар адамын жоготтук. Жакын арада эле ал киши менен сүйлөшүп, өз кеп-кеңешин айтып, тажрыйбасы менен бөлүштү эле. Б.Жакиевдин көп кырдуу таланты анын чыгармаларында жана котормолорунда көрүнүп турат. Бексултан Жакиев кылымдын драматургу болуп саналат. Ал өз артынан кинематографияда, драматургиядагы кайталангыс изин жана татыктуу шакирттерин калтырып кетти. Бексултан Жакиевдин жаркын элеси ар дайым эсибизде сакталат. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан эл жазуучунун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Маалымдама: профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу, драматург, кинодраматург Бексултан Жакиев 2021-жылдын 25-апрелинде 85 жаш курагында дүйнө салган.

Бексултан Жакиев Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Пикир

Оставить комментарий