• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

18нен 22-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. 18-19-сентябрларь күндөрү жана 20-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

20-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, 21-сентябрда күндүз жана 22-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетеши күтүлөт.

23-24-сентябрларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Өрт коркунучу тууралуу- Талас, Лейлек,Базар-Коргон,Аксы, Токтогул, Жети-Огуз жана Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар,калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

Пикир

Оставить комментарий