• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин академиясында курсанттар ант берди — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясынын саптык аянтчасында 26-октябрда 1-курстун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Академиядан билдиришкендей, 128 курсант өз элине, Ата Мекенине кызмат кылууга ант беришти.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ички иштер органдарынын генералдары жана ардагерлери, ИИМдин академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.

Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин академиясынын туусун көтөрүү менен башталды. Салтка айлангандай, Э.Алиев атындагы коомдук фонду тарабынан жакшы окуган курсанттарга стипендия берилди.

Салтанаттуу иш-чара офицерлердин жана курсанттардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий