• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги бир катар көчөлөрдүн жээктерине тротуарлар салынууда

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Кайгуул кызматынын сунушу менен Бишкектеги айрым көчөлөрдүн жээктерине тротуарлар салынууда.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, Жол көзөмөлдөө бөлүмү мурда жаздын келиши менен шаардын көчөлөрүнө жазгы кароо иштерин жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында айрым көчөлөрдүн жээктерине тротуарларды салуу боюнча Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматтарына сунуштар берилген. Анын натыйжасында бүгүнкү күндө:

- И.Ахунбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн тартып, Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Жибек-Жолу көчөсүнүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү ;

- Лев Толстой жана башка көчөлөрдүн айрым бөлүктөрүнүн жээктерине жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар төшөлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий