• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда Ош, Баткен областарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында күндүз 2…7 градус, Ысык-Көл облусунда күндүз 1...6 градус, Нарын облусунда -2…-7 градуска чейин суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 4…9 градуска жетет.

Бүгүн Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, бирок туман болушу мүмкүн. Абанын температурасы 5…7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий