• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Эртең, 2-июнда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз ала булут каптап, кээ бир райондордо күн күркүрөшү күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 30...35;

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 32…34 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий