• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2 күндүн ичинде Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелерине 290 кычкылтек концентратору келди

Аймак 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелерине 2 күндүн ичинде 290 кычкылтек концентратору келип түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустун администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна жалпысынан 378 кычкылтек концентратору келген.

Өкмөт тарабынан 50 даана, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 25 даана концентратор сатылып алынган. Ал эми 303 даана кычкылтек концентратору меценаттардан жана кайдыгер карабаган жарандар тарабынан берилген.

Учурда облус боюнча 509 концентратор бар.

Мындан тышкары, жакынкы арада Ысык-Көл облусунун 5 райондук ооруканасында бир убакта 50 адамды кычкылтек менен камсыздоочу жабдык орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий