• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

20 жылдык тажрыйбасы бар учкуч учакта уктагандыгы үчүн жазага тартылды

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Эл ташыган учакты башкарып бара жаткан учкуч иш ордунда уктап кеткен. Анын бул видеосу социалдык тармактарда тараган.

Day.Az алдын ала маалыматтарга ылайык, видеодогу учкуч China Airlines компаниясынын 20 жылдык тажрыйбасы бар кызматкери экенин жазат.

Ал эми учкучтун уктап жатканын анын жанындагы кесиптеши тартып алган. Жыйынтыгында ал экөө тең аба кемени башкарууда коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн жаза алышкан.

Эреже боюнча учкучтар узак сапарларда гана уктай алышат. Ошондо да отургуч жаткырылып, кызматкер башкаруучу жабдыктардан алыс болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий