• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Diamond Princess" лайнеринде эки япониялык аткаминер коронавирусту жуктуруп алды

Дүйнө 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Япониядагы "Diamond Princess" лайнеринде эки япониялык аткаминер COVID-2019 аталышындагы коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министри билдиргенин Известия басылмасы жазып чыкты.

Япониянын Иокогама шаарындагы портто турган "Diamond Princes" лайнеринде 621 адам коронавирусту жуктуруп алган.

"Саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министринин жана аталган лайнерде кагаз иштери менен алектенген министрлер кабинетинин катчылыгынын кызматкери коронавирусту жуктуруп алганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, "Diamond Princess" лайнеринин эки жүргүнчүсү коронавирустан каза болгон. Каза болгон бир эркек жана бир аял киши болжол менен 80 жашта болгон. Учурда алардын улуту, качан жана кантип ооруканага жеткирилгени айтыла элек.

Эскерте кетсек, шаршемби күнү лайнерден алгачкы жүргүнчүлөр түшө башташкан. Алар эки жумалык карантинде болуп, илдеттин белгилери байкалбагандар кемеден чыгышкан.

Шаршемби күнү кемени 443 жүргүнчү таштап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий