• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Хубэй провинциясында коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 1 миң 310го жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 1310го жетти. Илдетти 48,2 миң адам жуктурса, 3441 тургун оорудан айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Коронавирус пайда болгон Ухань шаарында 32,9 миң адам ооруну жуктурган. Ал эми Сяогань жана Хуанган аймагында илдетти жуктуруп алгандардын саны 2,8 миң жана 2,6 миң адамды түздү.

Ошондой эле аталган провинцияда коронавирус оорусун жуктуруп алды деген күмөн менен 9 миңден ашык адам карантинде болууда. Дарыгерлердин көзөмөлүндө 77,3 миңден ашык тургун бар.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын аягында Кытайда чыккан коронавирустун жаңы түрүнө COVID-2019 деген расмий аталыш берилди.

Пикир

Оставить комментарий