• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2016-жыл үчүн республикалык бюджет жөнүндө отчет бекитилди

Президент 0

Бишкек, 20.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 23-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету атайын каражаттарды эске алуу менен, кирешелер боюнча 115 775,8 млн сом суммасында, чыгашалар боюнча 136 712,4 млн сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 20 936,6 млн сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий