• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы милдеттенмелерин узартууну караган мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам 2023-жылдын 18-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Протокол менен Протоколдун № 1 тиркемесинин 37-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат, ага ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында Кыргыз Республикасынын бардык өткөрүү пункттарын (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлерди) жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу боюнча Кыргыз Республикасынын камсыздоо мөөнөтүн 96 айдан 108 айга (дагы 12 айга) узартылат.

Пикир

Оставить комментарий