• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Улуу Британияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган парламент депутаттары Улуу Британия мамлекетине иш сапары менен барып, алгач аталган өлкөдөгү кыргызстандыктар менен жолугушту.

Лондон шаарында өткөн жолугушууда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан мекендештерге тиешелүү бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү маселелери талкууланды.

Алгач төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформаларга учкай токтолуп, миграциялык саясатты жөнгө салууга багытталган иш аракеттер тууралуу маалымат берди.

Андан тышкары, жумушсуздукту жоюу максатында жаңы иш орундарын түзүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө кеп кылып: “Өлкөбүздө экономикалык саясатты туура жүргүзүү менен коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү аркылуу калк турмушун жакшыртуу аракети жигердүү жүргүзүлүүдө. Социалдык мекемелер арбын салынып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына өзгөчө көңүл бурулууда. Андыктан, жакынкы аралыкта мамлекетибиз гүлдөгөн өлкөгө айланып, ар бир жараныбыз өз жеринде сыймыктанып жашагандай шарт түзүлөт деген ишеничтебиз”, – деди.

Ошондой эле жолугушуу суроо-жооп иретинде уланды. Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев айтылган бардык көйгөйлөр эске алынарын жана тийиштүү мекемелер менен бирге чечүү аракети көрүлөрүн кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий