• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук база өркүндөтүлүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилгендолбоору 3-окууда каралды. Демилгечилер – депутат Райымкулов Б.К. жана КР Өкмөтү.

Бириктирилген долбоор боюнча Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Гүлшат Асылбаева баяндама жасады.

Мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анын негизги милдеттери «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдагы коллизияларды, кемтиктерди жана боштуктарды жоюу, мыйзамды ЕАЭБдин ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү жана «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» КР мыйзамы сыяктуу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү болуп саналат.

Долбоор аркылуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», «демпингдик баа» деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий