• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-2018-жылдары МБКнын кызматкерлерине карата 15 кылмыш иши козголгон

Коом 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. 2017-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине карата 15 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР МБКнын төрагасынын биринчи орун басары Шамиль Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, үстүдө көрсөтүлгөн иштердин 11и жалган транзитке байланыштуу, 4 – салык төлөөдөн качкандар. Чыгымдын жалпы суммасы дээрлик 450 млн. сомду түзгөн.

Андан тышкары Бердалиев билдиргендей, 2018-жылдын 5 айынын ичинде МБКнын укук коргоо блогу аркылуу 417 административдик иш ачылган. “Өсүү байкалууда. 50 млн. сомдон ашуун бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Кылмыш ишин козгоо үчүн 90 иш берилген, 2017-жылдын ушул мезгилинде бул сандар 123ү түзгөн болчу. 53 кылмыш иши козголгон, ал эми 2017-жылы 101”,-деди ал.

МБКнын биринчи орун басары маалымдагандай, зыянды толуктоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий