• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министри орун басарынын кармалышы боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбек Бишкектеги брифинг учурунда өзүнүн орун басарынын кармалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, айыл чарба министринин учурдагы орун басары Марсбек уулу Ильич боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

“Ишти иликтөө үчүн комиссия түзүү боюнча буйругум чыккан. Биз комиссиянын ишинин жыйынтыгын сөзсүз түрдө жарыялайбыз”, - деди министр.

Жаныбеков айыл чарба министринин мурдагы орун басары Амангелди Исаевдин кармалышына комментарий берүүдөн баш тартты, анткени ал министр аталган кызматка келгенге чейин орун басар кызматын аркалаган.

Эскерте кетсек, 26-октябрда Айыл чарба министрлигинин жогорку кызмат адамдары кармалган.

Пикир

Оставить комментарий