• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2017-жылы Ошто бир жарым млн гүл гүлдөйт жана шаарды көрктөндүрүү боюнча 3 айлык жарыяланды

Аймак 0

Ош, 7-март /Кабар/. 2017-жылы Ош шаарында 1 млн 500 миң гүл гүлдөйт, азыркы учурда күнөсканаларда көчөттөр өстүрүлүп жатат. Бул тууралуу “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы билдирди.

Мындан тышкары, 1-марттан тартып Ош шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана шаарды тазалоо боюнча үч айлык жарыяланды. Жарыяланган үч айлыктын алкагында ар бир шаардык уюм, мекемелер кооздук үчүн ар түрдүү гүлдөрдү, бадалдарды, анын ичинде дарактарды, теректерди, ак кайың, кара жыгач, туя жана башкаларды отургузушат.

Үч айлыктын 2-этабында шаардын арык тармагын, Ак-Буура жана Сулайман-Тоо дарыяларынын жээктерине тазалоо жүргүзүү пландалууда. 3-этапта шаарды санитардык тазалоо, шаардагы мекеме жана имараттардын сырттарын актоо жана бое, декоративдүү кооздоо каралган.


Пикир

Оставить комментарий