• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылдагы республикалык бюджеттин таңсыктыгы ИДПга карата 2,7%ды түзөт - өкмөт башчы

Экономика 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйыны өтүп жатат. Анда “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга карата бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Тармактык комитеттин кеңейтилген жыйынында КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт өкүлдөрү катышып жатат.

Өкмөт башчы М.Абылгазиев республикалык бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады. Анын айтымында 2018-жылдын бюджетинин параметрине түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негизги факторлор катары 2018-жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөр болду. Маселен, бюджеттин аткарылышы, анын киреше бөлүгүндөгү өзгөрүүлөр жана жаңы социалдык жактан маанилүү болгон демилгелердин кабыл алынышы болду.

2018-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 142 020,1 млн. сом суммасында же ИДПнын 25,4%да каралган. Республикалык бюджеттин кирешеси 2018-жыл үчүн бекитилген бюджетине карата 0,8% же 1 137,9 млн. сомго көбөйөт.

2018-жылы республикалык бюджеттин чыгашасынын жалпы көлөмү каржы активдеринин эсебин эске албаганда 157 230,1 млн. сомдун деңгээлинде (ИДПга карата 28%) түзүлгөн. Бул 2018-жыл үчүн бекитилген бюджеттен 3 919,3 млн. сомго аз.

2018-жылдагы республикалык бюджеттин таңсыктыгы 15 210,0 млн. сомду же ИДПга карата 2,7%ды түзөт. Бюджет таңсыктыгын жоюу үчүн 15 210,0 млн. сом суммасындагы каржы булактары каралган.

Пикир

Оставить комментарий