• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2018-жылы ИДП структурасында айыл чарба продукциясынын көлөмү 204 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. «2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП структурасында айыл чарба продукциясынын көлөмү 204 млрд сомду түзүп, өсүш 2,7% болгон. Ошону менен катар кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү 4,7% түзөт», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү учурунда.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Айыл чарбасын каржылоо - 6» программасынын алкагында дыйкандарга 5,6 млрд сомго 11 336 насыя берилген.

«Финансы-кредиттик уюмдар аркылуу 14,8 млрд сом жана Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду 16,1 млн АКШ долларына айыл чарбасына кредит берилди. 643 млн сомго 338 бирдик айыл чарба техникасы лизингге алынды. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө 1,4 млрд сомго 408 долбоор ишке ашты. Евразия экономикалык биримдигинин Реестрине 38 ишкана кирип, Россия Федерациясына эт жана эт азыктарын киргизүүгө чектөө алынып салынды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр кошумчалагандай, республика боюнча 634 га жаңы сугат жерлер өздөштүрүлгөн.

«1900 га сугат жердин суу менен камсыздоосу жогорулады. Айдоо аянттары – 1 млн 214 миң гектарды түзүп, 7 миң гектарга кеңейди. Айыл чарбасындагы потенциалыбыз абдан зор, бирок учурдагы натыйжалар жетишсиз. Бүгүн республика боюнча 350 миңден ашык дыйкан чарбалары бар, ал болгону ИДПнын 12%ын гана камсыз кылат», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал өзгөчө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү агрардык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча мындан аркы комплекстүү чараларды ишке ашырууну улантат.

Пикир

Оставить комментарий