• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Брайл шрифти менен жазылган китептерди басып чыгарууга жылына 5-6 млн сом бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда Брайл шрифти менен жазылган китептерди басып чыгарууга жылына 5-6 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Китеп басып чыгаруу секторунун жетекчиси Чынара Курбанованын маалыматы боюнча, Кыргызстанда бул китептер азиз жана угуусу начар балдар үчүн интернаттык мекеменин базасында чыгарылат.

“Негизинен биз орус тилдеги китептерди орто билим берүү мектептери үчүн басып чыгарабыз. Учурда биздин Ош жана Бишкек шаарларында орус тилинде билим берген эки интернаттык мекемебиз бар. 2018-жылы физика сабагы боюнча 17 түр китеп басылып чыгарылган. Алардын ичинен 1 китеп Брайл шрифти менен 3-4 томдон төмөн эмес болгон. Ошол 17 китептин нускасы 254тү түзгөн. 15 комплект Бишкекте калып, 15 комплекти Ош шаарына которулган”, - дейт Курбанова.

Анын айтуусунда, жалпысынан билим берүү материалын чыгарууга Билим берүү министрлигинен 120 млн. сом бөлүнөт. Алардын ичинен азиз жана угуусу начар балдар үчүн китептерди чоң шрифт менен басып чыгарууга да каражат каралган.

Пикир

Оставить комментарий