• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Базарбаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директоруна ишеним грамотасын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кечээ, 27-октябрда Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бислиге ишеним грамотасын тапшырды.Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Римдеги Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын штаб-квартирасында ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы кызматташтыкты конструктивдүү диалог духунда улантууну макулдашты.

Элчи Т.Базарбаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча көрсөткөн жардамы үчүн, тактап айтканда, 2020-жылы азык-түлүк алган 100 миңден ашык адамды колдоо максатында жөнөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Жооп катары Д.Бисли БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстан менен туруктуу негизде кызматташууга жана өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун колдоо боюнча Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ар кандай долбоорлордун алкагында кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий