• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Электр станциялар» компаниясы Бишкек ЖЭБ үчүн көмүрдүн биринчи партиясын сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 18.07.21. /Кабар/. «Электр станциялар» компаниясы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө токтомунун алкагында Бишкек ЖЭБин күйүүчү май менен камсыз кылат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Бүгүн D маркасындагы көмүрдүн биринчи партиясы келди. «Ал 25 вагон түзөт, көмүр жогорку калориялуу, Казакстандын Кара-Жыра кенинен казылып алынган»,-деп айтылат компаниянын маалыматында.

Жалпысынан келишим боюнча, 643 миң тонна көмүр 2022-жылдын апрелине чейин жеткирилет.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБи өлкөнүн түндүгүндө электр энергиясын өндүрүүнүн бирден-бир негизги булагы болуп саналат, аны өндүрүү өлкөнүн жалпы керектөөсүнүн 1/10 бөлүгүнө чейин жетет.

Ошондой эле, бардык керектүү оңдоо жана даярдык иштери жүрүп жатат. Электр станциялары компаниясы ар бир кыргызстандыктын жашоо сапаты үчүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз муунду камсыз кылат. Компания 7 гидроэлектростанцияны, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык режимин жана 2 жылуулук электр борборун башкарат.

Пикир

Оставить комментарий