• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча программа бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана дүйнөлүк рыноктогу атамекендик продукциянын атаандаштыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы №596 токтому аркылуу Кыргыз Республикасында 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Программа экспорттук потенциалга ээ тармактардын: тигүү, кайра иштетилген жер-жемиш продукциясы, сүт тармагынын, жашыл жана инновациялык прибор куруу тармагынын продукциясын экспорттоо көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алууга багытталган. Программага ошондой эле үч кросс-тармактык багыт – финансыга жеткиликтүүлүк, экспорттуу стимулдаштыруу жана сапат инфраструктурасы киргизилген.

Программаны ишке ашыруу сатуу рыногун диверсификациялоо жана аймактык жана кошумча нарк глобалдык чынжырчасына интеграцияланган, атаандаштыкка жөндөмдүү тармактарды өнүктүрүү жолу менен 2023-жылга карата экспорттун көлөмүнүн 2 эсе өсүүсүн шарттай тургандыгы күтүлүүдө.

Жалпысынан Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык өсүүсүнө (ИДП өсүүсү, өлкөгө инвестициялардын келүүсү), калктын жумуштуулугун жогорулатууга (жумуш орундарын түзүү), төлөм балансын жакшыртууга (өлкөгө капиталдын келүүсү, өлкөнүн соода балансынын жакшыруусу) оң таасир берет.

Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында пландаштырылган иштер Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан, алардын учурдагы ишмердигине каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле кошумча бюджеттик каражаттарды тартуунун жана донордук уюмдардын техникалык көмөгүнүн эсебинен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий