• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2019-жылы бала бакчаларга 208 миң бала барган

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. 2019-жылы бала бакчаларга 208 миң бала барган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитети билдиргендей, былтыр өлкө аймагында жалпы 1,6 миң мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеген.

"Аларда бала бакча курагындагы балдардын 25%дан ашыгы тарбияланган. 2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 208 миңге жакын бала барган. Алардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 29% га көбөйгөн", - деп билдирет Статистика комитети.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 87%га жакыны мамлекеттик болуп эсептелет. Мамлекеттик бала бакчаларга барган балдардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйгөн: 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бала бакчаларга 196 миң бала барган.

Ошол эле учурда менчик бала бакчалардын саны 2015-жылга караганда 2,1 эсеге өскөн. Былтыр менчик бала бакчаларга 12 миң бала барган.

Пикир

Оставить комментарий