• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2019-жылы республикалык бюджеттин чыгымы 7 млрд 148,4 млн сомго көбөйгөн

Экономика 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. 2019-жылы республикалык бюджеттин чыгымы 2018-жылга караганда 7 млрд 148,4 млн сомго көбөйгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында каржы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Ал белгилегендей, республикалык бюджетте 2019-жылга карата 162 млрд 35,9 млн сом чыгаша каралган.

"2019-жылы республикалык бюджеттин чыгашалары 149 млрд 108,5 млн сомду түзгөн же 92% аткарылган. Мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгымдары 5% же 7 млрд 148,4 млн сомго көбөйгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий