• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дарыгер, мугалим жана аскер кызматкерлеринин айлык акысы 30%га көбөйдү - президент

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин, мугалимдердин жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысы орточо эсеп менен 30 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо үчүн социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3000 сомдон 4000 сомго чейин көтөрүлдү.

“Мындан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине айлык акы төлөнө баштады. Акыркы эки жылда бекер гемодиализ алуу үчүн 1 млрд 600 млн сом сарпталды, кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы орто эсеп менен эки эсеге жогорулады”, - деп билдирди Жээнбеков.

Ошондой эле президент белгилегендей, контракттык негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин айлык акысы 30 пайызга көбөйдү. “Улуттук" статуска ээ болгон маданият мекеме кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга көбөйсө, катардагы милиция кызматкерлериники 40 пайызга жогорулаган ”, - деди өлкө башчы.

Пикир

Оставить комментарий