• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2021-жылдын социалдык-экономикалык жыйынтыктары: «Айыл банк» жана «РСК банк» ААК 4 млрд сомго капиталдаштыруу жүрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кичи жана орто бизнес субъектилерин колдоо, ошондой эле кредиттерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык «Айыл банк» жана «РСК банк» акционердик коомдорун кошумча 4,0 млрд сомго капиталдаштыруу жүрдү. Бул «Айыл банк» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын – 5,5 миллиард сомго жана «РСК банктын» уставдык капиталын 5,4 миллиард сомго чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Буга катар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомдору тарабынан 31 миллиард сомдон ашык суммага 88 миңге жакын насыя берилип, анын 72%ы аймактардагы долбоорлорду каржылоого жумшалганын белгилей кетүү керек.

«Айыл чарбасын каржылоо – 9» программасынын алкагында 6 миллиард сомдон ашуун суммага 10 387 насыя берилди.

2021-жылдын 31-декабрына карата Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тараптан ишкердик демилгелерди колдоо максатында 44,5 млн АКШ доллары суммасындагы 308 долбоор каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий