• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР элчилигинин өкүлдөрү Ленинградды блокададан бошотуунун 78 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кечээ, 27-январда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы бөлүмүнүн өкүлдөрү 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Ленинградды фашисттик блокададан толук бошотуунун 78 жылдыгына карата Пискаревский мемориалдык көрүстөнүнө гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу боюнча салтанаттуу - аза күтүү аземине катышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Пискаревский мемориалдык көрүстөнүндө курман болгон ленинграддыктардын элесин эскерүү үчүн мамлекеттик органдардын, куралдуу күчтөрдүн, ардагерлердин жана блокададан аман калгандардын уюмдарынын, шаардын башка коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, Санкт-Петербургдун дин кызматкерлери жана тургундары келишти.

Санкт-Петербургда аккредитацияланган консулдук мекемелердин өкүлдөрү да «Мекен - Эне» монументине гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюшту.

Пикир

Оставить комментарий