• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура: Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, козголгон кылмыш ишинин алкагында Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылган.

“Адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулду”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий