• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдө ишкерди опузалап 10 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Чүй облусунда ишкерди опузалап 10 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИММдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар өзүн криминалдык топтун мүчөсү катары тааныштырып, ишкерден ири суммадагы акча талап кылышкан.

Бербесең сабайбыз, керек болсо өлтүрөбүз, деп коркутушкан. Марттын башында алар ишкерди унаанын багажнигине салып, ээнсиз жерге алып барып сабап, бычак менен коркутушкан.

Ишкердин туугандары алардын артынан жардамга кууп келе жатканын көргөндө, аны кое беришкен.

Кылмышка шектүү катары бир киши кармалды. Ал буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Бул факт боюнча иш козголуп, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий