• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы Кыргызстанда кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчү 60%ды түздү

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстанда кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү 60%ды түздү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында министрдин орун басары Адылбек Бийбосунов билдирди.

Ал Башкы прокуратуранын талдоосуна таянып жыл ичинде өлкө аймагында 45 миң 96 кылмыш катталганын маалымдады.

"Анын ичинен ички иштер органдары тарабынан 42 миң 498 кылмыш катталган. Бул жалпы сандын 94%ын түзөт. Ал эми кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчү 60 пайызды түздү", - деди Бийбосунов.

Ал кылмыштуулукту алдын алуу, кылмыштардын бетин ачууну жакшыртуу, өздүк курам арасында ички тартипти чыңдоо, кесиптик даярдыкка даярдоону күчөтүү учурдун негизги талаптары экендигин баса белгиледи.

"2022-жылы чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө максатында 354 иш-чара уюштурулуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу жагы бекемделүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий