• 88.68
  • 95
  • 0.95

2022-жылы Соцфонддун колл-борбору 20 миңден ашуун кайрылуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. 2022-жылы Социалдык фонддун колл-борбору 20 миң 221 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, колл-борбор негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөрдү берүүдө.

2022-жылдын декабрь айында Соцфонддун колл-борборуна 1 миң 788 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1286 кирген жана чыккан чалуулар.

Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 502 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Социалдык фонддун колл-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий