• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы мигранттар Кыргызстанга 2,7 млрд доллардан ашуун каражат которгон

Экономика 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. 2023-жылы мигранттар Кыргызстанга 2 млрд 706,1 млн доллар которушкан. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, агым 2022-жылга салыштырмалуу 12%га азайган. Анда акча которуулар тутуму аркылуу өлкөгө 3 млрд 86,5 млн доллар которулган..

Өткөн жылы түшкөн акчанын 93,5%дан ашыгы Россияга туура келет, ал жактан 2 млрд 531,5 млн доллар которулган, бул көрсөткүч наркы жылга салыштырмалуу 13,8%га азайган. КМШнын башка өлкөлөрүнөн 19,4 млн доллар түшкөн.

2023-жылы алыскы чет өлкөлөрдөн которуулардын көлөмү 155,3 млн долларды түздү – жеке жактандын 29%ы (45,3 млн доллар) Кыргызстанга АКШдан которгон. Ал эми бул көрсөткүч 2022-жылы 134,2 млн доллар түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий