• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Былтыр Чүй облусунда 33 орто жана чакан ишкана ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйында министрлер кабинетинин башчысы Чүй облусунда ачылган ири ишканаларды ар бирин жеке өзү көрүп чыкканын, эми өндүрүлгөн товарларды экспортко чыгаруу жаатында активдүү иш алып баруу зарылчылыгына токтолуп, ушул максатта инвестициянын көлөмү 100 млн долларды түзгөн "Wildberries" компаниясынын соода логистикалык борборун, Аламүдүн районунда 38 гектарга куруу боюнча аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Акылбек Жапаров өлкөгө келген ар бир инвесторду “куда күткөндөй” сый менен тосуп алып, мамиле түзүүнү, ошол эле учурда ал инвесторлордун айткан сөзүнө эле ишене бербестен, реалдуу абалына карап, натыйжалуу иш алып барууну тапшырды.

"Инвестор келген соң, 3 айда долбоор боюнча алдын ала эсептөөлөр, техникалык экономикалык негиздеме, 6 айда долбоордун каржы булактары такталып, 9 айда ишканалардын курулушу башталып калуусу зарыл. Мурдагыдай жер участогун алып, 10 жылдап кыймыл аракетти баштабаган инвесторлорго туш болбоо үчүн баарын алдын ала так даана макулдашуу керек"-деди ал.

Мындан тышкары жыйында министрлер кабинетинин башчысы ирригацияга жыл сайын республика боюнча жыл сайын 1 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнгөнүн, өлкө анын натыйжасын 2024-жылы көрө башташы керектигин белгиледи.

“Москва районундагы “Спартакта” суунун толуу көлөмү – 22 млн метр куб болсо, азыр болгону 9,9 гана көлөмгө толгон. Бул өтө аз” деген Акылбек Жапаров тиешелүү жетекчилерге сугат мезгилине карата алдын ала катуу даярдык көрүүнү тапшырды.

Жыйындын соңунда, министрлер кабинетинин төрагасы өлкөдө жасалып жаткан реформалар, анын ичинде көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, санариптештирүү тармагындагы алгылыктуу аракеттер туурасында маалымат берип, жалпы мамлекеттик кызматкерлерди өз ишин берилүү менен аткарып, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий