• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

29-майга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 29-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +24...+29, Талас облусунда +23...28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында+27...+32, Ысык-Көл облусунда +18...+23, Нарын облусунда+16...+21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +26...+28 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий