• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда беш күндөн бери эл жана турак жай фондун каттоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда эл каттоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Өлкө боюнча эл каттоочулар бешинчи күн иштеп жатышат, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Эл каттоонун биринчи күнүндө, б.а. 25-мартка караган түнү эки аэропортто (Ош шаарында жана Бишкек шаарында – “Манас” аэропорту) эл каттоо жүргүзүлдү. Ал жерде өлкөдөн чыгып кетип жаткандар катталды.

Эл каттоонун биринчи күнүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров интервью берди. Анын үлгүсүндө өлкөнүн көптөгөн жашоочулары аларга келген каттоочуларга маалымат берүү менен каттоодон өтүп жатышат.

Мындан тышкары, эл каттоонун биринчи күнүндө – үстүбүздөгү жылдын 25-мартында – мейманканалардын тургундары, ооруканада жатып дарыланып жаткан оорукана уюмдарынын бейтаптары, ошондой эле санаторияларда, эс алуу үйлөрүнө жана башкаларга келгендер каттоодон өткөрүлдү.

Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулган «ишеним телефонуна» (тел. 1216) негизинен борборубуздун жашоочулары өздөрүн кызыктырган суроолорун берүү менен кайрылып жатышат. Эл каттоонун жүрүшү социалдык тармактарда чагылдырылып жатат.

Эске сала кетсек, 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 3-апрелине чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий