• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

3-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Эртең, 3-майда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19,

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 21…23 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий