• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте тоноочулукка шектелип 26 жаштагы бала кармалды

Коом 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Бишкекте тоноочулукка шектелип 26 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-январь күнү Ленин райондук милициясына А.З. аттуу шаар тургуну кайрылып, ошол күнү кечки маал Фрунзе менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде белгисиз бирөөлөр баасы 11 миң сомдук уюлдук телефонун, сырткы кийимин, жеке документтерин тартып алганын билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 201-беренеси ("Тоноо") боюнча катталып, сотко чейинки иш башталган.

"Бул ишке шектүү катары 26 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалды. Ленин райондук соту аны №1 тергөө абагына 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта тергөө иштери уланып, кармалган жарандын бул өңдүү башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

Райондук милициядан билдиришкендей, кармалган шектүүнүн аракетинен жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматы барлар 0(312) 352-605, 0(312) 352-947, 0(222) 032-000, 0(550) 223-333 жана 102 номерлери аркылуу кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий