• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

30-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөндөрүндө жана Ош, Баткен, Талас облустарында жаан жаабайт. Айрым аймактарда туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5, Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6, Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10 градуска жетет.

Бишкекте жаан-жачын ыктымалдыгы аз, абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз 3…5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий